Азирети улукмандын уулуна айткан жүз насааты:
1-Уулум, Аллах Тааланы тааны.
2-Кандай акыл-насаат айтылса,
биринчилерден болуп карма. Expand text…
3. Өз деңгээлиңе жараша сүйлө.
4-Калкыңдын кадырын бил.
5-Ар бир кишинин укугун корго.
6-Сырыңды сактай бил.
7-Жоро-жолдошторуңду пайда,
зыян тартканда сына.
8-Досту кыйын күндө сына.
9-Наадан, акмактан алыс кач.
10-Акыл, эстүү даана адам менен достош.
11-Кайырдуу ишке кайраттуу бол.
12-Жаман аялга ишенбе.
13-Кеңешти түз жана илимдүү кишилерден сура.
14-Сөзүңдү далилдүү айт.
15-Жаштыгыңдын баркын бил.
16-Жаштыгыңда эки дүйнөнүн ишин бүтүр.
17-Досторуңду кадырла.
18-Доско да, каска да маңдайыңды ачык тут.
19-Ата-энеңдин баркын бил.
20-Устазыңды атаңдан артык сана.
21-Чыгашың кирешеңе жараша болсун.
22-Кандай иш болсо да орточо бол.
23.Жоомарттыкты өзүңө өнөр кыл.
24-Мейманга кызмат көрсөтүү милдетиң.
25-Киши үйүнө киргенде көзүң менен тилиңди тый.
26-Кийим менен денеңди таза тут.
27-Жамаат менен бирге бол.
28-Перзентиңе илим менен адеп үйрөт.
29-Ыгы келсе ат чаап, ок атканды үйрөт.
30-Бут кийим кийсең, оңунан баштап кий,
чечсең солунан чеч.
31-Ар кимге өзүнө жараша мамиле кыл.
32-Түн ичинде сүйлөсөң акырын сүйлө,
күндүз жан жагыңа карап сүйлө.
33-Аз жеп, аз уктап, аз сүйлөгөндү адат кыл.
34-Өзүң жактырганды башкаларга да ыраа көр.
35-Иш кылсаң кеңеш менен кыл.
36-Үйрөнбөй туруп устаздык кылба.
37-Аял менен балага сыр ачпагын.
38-Бирөөгө түгөл ишене бербе.
39-Жаман адамдан жакшылык күтпө.
40-Ар ишти акылга сал.
41-Бүтүрбөгөндү бүтүрдүм дебе.
42-Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба.
43-Улууларды шылдыңдаба.
44-Улуу кишиге узун сүйлөбө.
45-Билимсизге бийлик бербе.
46-Сурап келсе кур кайтарба.
47-Өткөн чатакты эске алба.
48-Бирөөнүн жакшылыгын мен кылдым дебе.
49-Байлыгыңды доско да, душманыңа да санатпа.
50-Туугандан кол үзбө.
51-Жакшы кишини ушактаба.
52-Өзүңдүн ким экениңди бил. Өзүмчүл болбо.
53-Эки тарап бир бүтүмгө келалбай жатышса, сен көпчүлүк жакта бол.
54-Эч кимди сөөмөй менен көрсөтпө.
55-Эл алдында тишиңди чукулаба.
56-Эл көзүнчө какырынып, түкүрүнбө.
57-Эстесең оозуңа алакан тут.
58-Калайыкка какшыбай сүйлө.
59-Эл алдында мурдуңду чукуба.
60-Тамаша сөзгө көнүп калба.
61-Кишини эл алдында жер каратпа.
62-Кейпи жакпайт деп кишини айыптаба.
63-Айтылган сөздү өзүңө алба.
64-Шылдың сөздөн сактан.
65-Өзүңдү, үй-бүлөңдү бирөөнүн алдында мактаба.
66-Эр болсоң аялдардай сыланба.
67-Баланын ойу менен боло бербе.
68-Тилиңе сак бол.
69-Колуңду силкпей сүйлө.
70-Ар кимдин урматын тааны.
71-Ооматы кайтканды колдобо.
72-Көзү өткөндү жамандаба.
73-Колуңдан келсе урушпа да, араздашпа.
74-Күч сынашпа.
75-Сынабаган кишиңди жакшы деп ойлобо.
76-Өз наныңды башканын дасторконунан жебе.
77-Иш жасасаң шашпа.
78-Дүнүйө үчүн башыңды машакатка салба.
79-Өзүң билгенди баркта.
80-Ачууга алдырсаң сөздүн артын байкап сүйлө.
81-Жең менен мурдуң сүртпө.
82-Күн чыкканча уктаба.
83-Каратып коюп тамак жебе.
84-Жол жүргөндө улуудан озбо.
85-Сүйлөшүп аткан сөзгө кыпчылба.
86-Тизеңди жазданба.
87-Ары-бери алаңдабай жер карап бас.
88-Эгер колуңдан келсе төөнү жайдак минбе.
89-Конок алдында бирөөгө ачууланба.
90-Мейманга иш буйруба.
91-Акылсыз менен маска сүйлөбө.
92-Бекерпоз адепсиз менен жол боюнда отурба.
93-Ар кайсы ишке аралашып абийриңди төкпө.
94-Өзүңдү адамдардан артык санап бой көтөрбө.
95-Бирөөнүн кусаматын мойнуңа алба.
96-Уруш, жаңжал уюштурчу болбо.
97-Бычаксыз, жүзүксүз, акчасыз жүрбө.
98-Өзүн кордобогондордун баркына жет.
99. Жөнөкөй бол, бой көтөрбө.
100. Аллах Таалага ыраазылык менен, нап эрк менен,
улууларга урмат менен,
балдарга шапаат менен,
бакырларга жоомарттык менен,
дос-жаранга насаат менен,
душманга чыдам менен,
нааданга сүкүт менен,
аалымга таазим менен
тирилигиң кыл.
r />Бирөөнүн малына сук артпа.
Малым азайды деп чөкпө,
көбөйдү деп көппө.
Источник: vk.com
Источник: www.super.kg